Күлтөбе шаар урандысынан табылган байыркы ханаканын сыры эмнеде?

Быйыл ханака деп аталган сопулардын илгерки сыйынуу жайы Түркестан шаарынын байыркы бөлүгүнөн табылды. Мындай маанилүү ачылыш археологиялык казуулардын убагында жасалган. Казак маданий илимий-изилдөө институтунун адистери архитектуранын ушул сыяктуу сейрек кездешкен эстелигин XV-XIX кылымдарда курушканын айтат. Белгилей кетсек, казууларда бөлмөлөр жана салтанат жайы гана эмес, кызматчылардын көрүстөнү дагы табылган.

«Күлтөбеде табылган ханака түздөн түз Яссауи орденине таандык кызыктуу байыркы курулуштардын бири, ал жөнүндө талашсыз фактылар айтып турат: ал Кожа Ахмед Яссауи күмбөзүнө 300 метр жакын турат жана көрүстөндөгү сөөктөрдүн башы түндүккө, күмбөз жакка баштанып коюлган. Сопулук агымдын салттуу исламдан башкы айырмасы, ыйык мүрзөлөргө сыйынуу маданияты болгону бардыгына белгилүү. Ал маданият жамааттын негиздөөчүсү же сопу орденинин ардактуу мүчөсү көмүлгөн жайларда көп сандаган орто азиялык жана чыгыш ханакаларынын курулушуна себепчи болгон. Мындай мисалдар Борбордук Азияда жетиштүү», - деди долбоордун илимий жетекчиси Андрей Хазбулатов.

Окумуштуунун айтымында, мындай курулуштарды мечиттер менен медреселердин жанына куруу ыйык иш катары саналган. Мындай хануктарды курууга көп учурда улук өкүмдарлар же алардын өкүлдөрү демилгечи болушкан. Күлтөбе шаар урандысынан табылган түркестандык ханака – бул жылытуу мештери жана чакан тандырлары бар 10 бөлмөлүү имарат. Курулуштун түштүк-чыгыш бөлүгүнөн жер алдындагы көрүстөндөрдү көрүүгө болот. Ал жактан археологдор 7 мүрзө табышкан. Сөөктөрдүн бардыгы Кожа Ахмед Яссауи күмбөзүнө баштанып коюлган. Бул алардын Яссауи орденине таандык экенин болжолдоп турат.   

Келечекте бул жай ачык асман алдындагы музей болуп калышы мүмкүн. Эч болбоду дегенде мындай планды профилдик мекеме жакынкы жылдарга белгилейт. Күлтөбенин 27 гектар жери алгач кылдат иликтенет, андан соң шаарчанын аймагындагы бардык объекттерге реставрация жүргүзүлөт.

Жарияланған күні: 26.08.2020

Көрулер саны: 98